“Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков