Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмүн натыйжалуу уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 «Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы «, Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр алынып салынсын;
- 2-пунктта:
төртүнчү абзацтагы «жана лицензиясыз» деген сөздөр алынып салынсын;
онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктта:
он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-1, 19-2, 19-3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пунктта:
экинчи абзацтагы «354» деген цифралар алынып салынсын;
- аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
14-1 пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 9-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 «Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:
мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пункту «мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын: «Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча региондор аралык башкармалар».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесине :
- 7-пункттагы «94», «5049», «253» деген цифралар тиешесине жараша «88», «5061», «247» деген цифралар менен алмаштырылсын;
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков