КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 45 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  14-декабрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти жөнүндө жободо:

 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “7. Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 315.”.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу