КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 36-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун механизмин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
 - расмий тилдеги тексттин аталышындагы «определении» деген сөз «определения» деген сөз менен алмаштырылсын;
 - 1-пунктунда: биринчи абзацындагы «субъекттерине» деген сөздөн кийин «(Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык чөйрөлөрдө)» деген сөздөр менен толукталсын; биринчи жана экинчи абзацтарындагы «жана уруксат берилген» деген сөздөр алып салынсын; 
-   бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «мамлекеттик монополияга каршы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «ыйгарым укуктуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-   2-пунктундагы жана 3-главанын аталышындагы «рентабелдүүлүк деңгээлин» деген сөздөр алып салынсын; 
-   3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 
«3. Баалар (тарифтер) тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен ар бир субъект үчүн өзүнчө аныкталган, экономикалык жактан негизделген чыгымдын (иш жүзүндөгү жана/же пландуу) жана пайданын өлчөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана салык мыйзамдарында каралган салыктарга жараша түзүлөт.»; 
-  төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункту менен толукталсын: 
«31. Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) жөнгө салууда, табигый монополиянын субъектинин керектүү дүң пайдасын эсептөө үчүн ыйгарым укуктуу орган табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун төмөнкүдөй методдорун жана (же) алардын айкалыштарын колдонууга укуктуу: 
1)  экономикалык негизделген чыгымдардын методу; 
2)  инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методу;
 3)   салыштырып талдоо методу. Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун тандап алынган методуна карабастан, бааларды (тарифтерди) белгилөөдө төмөнкүдөй шарттар сакталат: жөнгө салынуучу ишти аткарууга байланыштуу табигый монополиянын субъекттеринин экономикалык негизделген чыгымдарынын ордун толтуруу; 
табигый монополиянын субъекттери тарабынан экономикалык негизделген пайданы алуу. Табигый монополиянын субъекттерине карата жөнгө салуунун методун тандоо жана бааларды (товарларды) жөнгө салуунун дем берүүчү методдоруна өтүү төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт: 
табигый монополиялар субъекттерине чыгымдарды төмөндөтүүгө түрткү берүү; сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүнүн) ишенимдүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээлин эске алуу менен табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) коюу; 
табигый монополиянын ишинин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу. Инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методун колдонууда табигый монополиянын субъектинин керектүү дүң пайдасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жөнгө салуунун төмөнкүдөй узак мөөнөттүү параметрлеринин негизинде белгиленет:

операциялык чыгымдардын базалык деңгээли; инвестицияланган капиталдын базасы; 

жүгүртүүдөгү таза капитал; 
инвестицияланган капиталдын кайтаруу мөөнөтү; 
технологиялык чыгымдардын (жоготуулардын) нормативи; 
сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ишенимдүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээли. Баалар (тарифтер) керектүү дүң пайданын негизинде белгиленет, ал жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилинин ичинде ишке ашырылуучу ар жылдык оңдоп-түзөтүүнү эске алуу менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү камсыздайт:


 чыгымдарды (сарптоолорду) жабууну; инвестицияланган капиталды кайтарууну; инвестицияланган капиталга киреше алууну.»;
 - 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
 «4. Баалар (тарифтер) тармактык өзгөчөлүгүн, алардын ишинин масштабдарын, рыноктук конъюнктурасын, орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) макроэкономикалык жана тармактык болжолдорду, ошондой эле ушул объекттерди баалык (тарифтик) жөнгө салуунун чараларын, анын ичинде керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин каалаганына таандык принциби боюнча белгилениши мүмкүн болбогон дифференцияланган тарифти белгилөө мүмкүндүгүн эске алуу менен коюлушу керек.»; 
- 5-пунктунда:
 12-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 13-18-пунктчалар менен толукталсын: 
«13) операциялык чыгымдардын базалык деңгээли - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилинин биринчи жылында белгиленген операциялык чыгымдардын деңгээли; 
14) экономикалык негизделген чыгымдардын методу - товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүн сатуудан керектүү дүң пайданы жана товардын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тийиштүү түрүн өндүрүүнүн эсептик көлөмүн эсептөөнүн негизинде тарифтерди түзүүнүн методу; 
15) инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк методу - белгиленген мөөнөттө инвестицияланган капиталды кайтарууну жана инвестицияланган капиталга киреше алууну эске алуу менен керектүү дүң пайданы эсептөөнү караштырган узак мөөнөттүү тарифтерди түзүүнүн методу; 
16) керектүү дүң пайда - жөнгө салуунун эсептөө мезгилинин ичинде жөнгө салынуучу ишти жүзөгө ашыруу үчүн табигый монополиянын субъектине керектүү финансы каражаттарынын экономикалык негизделген көлөмү. Эгерде табигый монополиянын субъекти үчүн бир нече тарифтер (ставкалар, жыйымдар) белгиленсе жана (же) акыркы тарифтер бир нече сегменттик түзүүчүлөргө ээ болсо, керектүү дүң пайда бир нече тийиштүү түзүүчүлөргө эсептелет (бөлүштүрүлөт); 
17) инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүк ченеми - инвестицияланган капиталга карата пайыздык катышта чагылдырылган пайда; 
18) салыштырып талдоо методу - тарифтерди түзүү методу, ал экономикалык жана техникалык мүнөздөмөлөр боюнча салыштырылуучу, табигый монополиялардын субъекттеринин тобунда табигый монополиянын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырууну эске алуу менен керектүү дүң пайданы эсептөөнү караштырат.»; 
- 7-пунктунун биринчи абзацындагы «рентабелдүүлүк деңгээлин,» деген сөздөр алып салынсын;
 - төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункту менен толукталсын: 
«121. Эсептөө материалдарын карап чыгуудан кийин ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъекттерин чакыруу менен табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) долбоорлорун жана анын чектүү деңгээлин ачык талкуулоо жол-жобосун өткөрөт. Талкуулоо жүргүзүүнүн принциптери: 
1)  ачыктык; 
2)  керектөөчүлөрдүн жана табигый монополиянын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо. Ачык талкуулоону жүргүзүүгө чейин ыйгарым укуктуу орган өзүнүн интернет-ресурсунда табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) керектөөчүлөр үчүн баалардын (тарифтердин) же анын чектүү деңгээлинин күтүлгөн өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты жайгаштырат. Коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтар табигый монополиянын субъекти менен макулдашуусуз ачык талкуулоого жарыяланууга тийиш эмес. Электр энергиясынын тарифтеринин долбоорун коомдук талкуулоо «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.»;
 -  14-пунктунда:
 5-пунктчасынын экинчи абзацындагы «түрткү берүүчү жана» деген сөздөр алып салынсын; 
5-пунктчасынын алтынчы абзацындагы «өндүрүштүк натыйжалар үчүн берилүүчү сыйлыктар, анын ичинде бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктар,» деген сөздөр алып салынсын; 
7-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 
«- башкаруучу жана жалпы чарбалык кызматкерлерге кирген кызматкерлерге эмгек акы төлөө. Табигый монополия субъекттеринин жана ошондой эле, акциялардын 51 пайызынан кем эмес мамлекет ээлик кылган чарбакер субъекттердин, мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин административдик-башкаруучу кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн чектүү деңгээли ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылат;»; 
12-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: 
«- амортизациялык чегерүүлөр түрүндө негизги каражаттарды сатып алуу үчүн алынган кредиттер үчүн чарбакер субъект тарабынан колдонулган эсепке алуунун методуна жараша мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын кепилдигинде эсептелбеген же төлөнбөгөн пайыздардын суммасы;»; 
- 16-пунктунда «чарбакер субъекттердин» деген сөздөр «табигый монополиянын субъекттеринин» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 161 жана 162-пункттар менен толукталсын:
 «161. Табигый монополиянын субъектинин пайдасы бекитилген инвестициялык программаны ишке ашыруу мүмкүндүгүн, анын туруктуу ишин жана керектөөчүлөрдү тейлөө мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек. Табигый монополиянын субъектинин бааларын (тарифтерин) эсептөөдө эсептелген пайданын суммасы табигый монополиянын чөйрөсүнө жана бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун тандап алынган методуна жараша табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык эсептелет. Табигый монополиянын субъектинин жана чарбакер субъекттердин бааларын (тарифтерин) эсептөө жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча өз алдынча жүргүзүлөт. 
162. Табигый монополиянын субъекттерин чыгымдарды төмөндөтүүгө жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү төмөнкүлөр аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен иштин жөнгө салынуучу түрлөрү боюнча кошумча пайданы алуу жана колдонуу мүмкүндүгүн сунуштоо жолу менен жүргүзүлөт: 
жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын киргизүү; 
конкурстук (тендердик) жол-жоболорду жүргүзүүнүн натыйжасында акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу; ченемдик технологиялык (техникалык) чыгымдарды (жоготууларды) төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү; 
эмгекти уюштуруунун алдыңкы методдорун киргизүү; 
энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү; чыгымдарды кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча башка иш-чараларды жүргүзүү. Мында табигый монополиянын субъекти ыйгарым укуктуу органга белгиленген үнөмдөөнү иш жүзүндө колдонууну ырастоочу материалдарды тиркөө менен чыгымдарды үнөмдөөнү ырастоочу материалдарды берет. Иштин жөнгө салынуучу түрү боюнча табигый монополиянын субъекти тарабынан алынган  чыгымдардын үнөмдөөсү жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча экономикалык негиздөө ыйгарым укуктуу органга сунушталган учурда, оптималдаштыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды актоо мөөнөтү аяктагандан кийин 3 жыл аяктаганга чейин чыгымдардын сарпталышын үнөмдөө түзүлгөн мезгилдин ичинде тарифтерди эсептөөдө эске алынбайт (чыгымдарды калькуляциялоо үнөмдөөнүн бар болушун эсепке албастан жүргүзүлөт). Чыгымдарды оптималдаштыруунун же жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн айрыкча натыйжалуу методдорун жана технологияларын колдонуунун натыйжасында кошумча пайданы алууда табигый монополиянын субъекти үнөмдөлгөн сумманы жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, өндүрүштүк активдерди кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңыртууга, колдоого, кайра калыбына келтирүүгө жана техникалык жактан кайтадан жаңыртып жабдууга сарптайт жана үнөмдөлгөн сумманы чыгымдарды үнөмдөөдөн алынган чоңдуктун 10 пайызынан ашпаган суммада кызматчыларга сый акыны төлөп берүү үчүн сарптоого укуктуу.»; 
-  19-пунктунда:
 2 жана 6-пунктчаларындагы «рентабелдүүлүктүн же» деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 
«5) ушул Жобонун 162-пунктунда каралган учурлардан тышкары, бааларды (тарифтерди) чийки заттын, материалдардын жана башка технологиялык өзгөртүүлөрдүн арзандаганын эске албастан түзүү;»;
 8-пунктундагы «атайылап» деген сөз «экономикалык негизсиз» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 
10-пунктчасындагы «мамлекеттик монополияга каршы» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 
-   23-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом 2017-жылдын 13-февралында күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр                                                                      С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу