Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон ѳткѳрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик эки айлык мѳѳнѳттө “Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди каржылоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 “Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене тарбия-спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 “Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене тарбия-спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 491 токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков