Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Банк системасындагы атаандаштык чөйрөнүн шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын акча каражаттарынын коромжу болуу опурталын минималдаштыруу жана сакталышын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоо үчүн төмөнкү критерийлер бекитилсин:
- коммерциялык банкта банк операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун конкурстан мурдагы 12 айдын ичинде баардык отчеттук даталарга карата (ай сайын) сакталышы;
- конкурстан мурдагы акыркы 12 айдын ичинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” жана “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларынын коммерциялык банктарга колдонулбаганы.
Ушул токтомду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллегиялуу органынын чечими боюнча берилүүчү жазма буйруктардан тышкары, көзөмөл иш-чараларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө коммерциялык банктарга берилүүчү жазма буйруктар таасир этүү чараларына кирбейт;
- Кыргыз Республикасынын баардык региондорунда банк кызматтарын көрсөтүү үчүн аманат жана көчмө кассалары бар филиалдык тармагынын болушу;
- акыркы үч жыл үчүн ар жылдык пайданын болушу;
- конкурстан мурдагы эки акыркы жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттун белгиленген стандарттарына эсепке алуунун жана отчеттун шайкеш келишин ырастоочу тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле башка кредиторлорго жана контрагенттерге төлөнө элек мөөнөтү өткөн береселеринин жоктугу;
- коммуналдык төлөмдөрдүн, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн ж.б. баардык түрлөрү боюнча төлөм карталары менен тейлөө жана калкка сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрлөрү (мисалы, мүмкүндүккө жараша суткасына 24 саат бою калктан акы төлөөнү кабыл алуу) үчүн банктын кеңейтилген инфратүзүмүнүн (перифериялык түзүлүш) болушу;
- эсептерди ачуу жана иштетүү, төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө, ички жана банктар арасындагы төлөмдөрдү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленген коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө тартибин жөнгө салуучу банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринин болушу;
- банктын активдеринин үлүшү конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата банк системасынын активдеринин 1 пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш;
- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсептерди ачууга, кредит берүүгө тыюу салуу же чектөөлөрдүн жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу;
- банк убактылуу башкаруу режиминде болбошу жана банкка тикелей банктык көзөмөл киргизилбеши.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев