“Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” Кыргыз Республикасынын улуттук конкурсу жөнүндө
Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана кедейчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, өндүрүштүк, туристтик жана агрардык комплекстерди өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспортко багытталышын өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” Кыргыз Республикасынын улуттук конкурсу 2017-жылы жана кийинки жылдары өткөрүлсүн.
- Конкурсту уюштуруу, өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен байланышкан чыгымдар тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
- Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу, конкурсту даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү, анын ичинде конкурстук өтүнмөлөрдү чогултуу жана талдоо жүргүзүү, жеңүүчүлөрдүн конкурстук өтүнмөлөрүн текшерүү (аудит) жана сыйлоо шаан-шөкөтүн өткөрүү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр аркылуу жайылтууга көмөк көрсөтсүн.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №102 “Кыргыз Республикасынын “Жылдын мыкты экспортеру” улуттук конкурсу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков