КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 30-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин иштөөсүн оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде: 

- биринчи абзацындагы “Социалдык маселелерди тейлеген,” деген сөздөр алып салынсын; 

- он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу