Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгектенүү жана эс алуу шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 “Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттагы: “Өргүүнүн узактыгы” графасы “мугалимдер” деген сөздөн кийин “методисттер, музыкалык кызматкерлер, музыкалык жетекчилер, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулар, социалдык педагогдор, психологдор, дефектологдор, сурдологдор, ийримдердин жана класстан тышкаркы физкультуралык иштердин жетекчилери,” деген сөздөр менен толукталсын;
“Педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарынын аталышы” графасы “мугалим,” деген сөздөн кийин “методист, музыкалык кызматкер, музыкалык жетекчи, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучу, социалдык педагог, психолог, дефектолог, сурдолог, ийримдин жана класстан тышкаркы физкультуралык иштердин жетекчиси,” деген сөздөр менен толукталсын”;
- 3-пункттагы:
“Билим берүүчү уюмдар” графасы “башталгыч” деген сөздөн кийин “жана орто” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде: эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
“5. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы орус тилдүү мектепке чейинки топтордогу кыргыз тили, кыргыз тилдүү мектепке чейинки топтордогу орус тили мугалимдерине саат боюнча эмгек акы төлөөнүн көлөмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жалпы билим берүүчү уюмдардагы башталгыч класстын мугалимдеринин саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын көлөмүнүн деңгээлинде белгиленет.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталган кызматкерлердин жалпы штаттык санынын чегинде өздөрүнүн штаттык тизимине өзгөртүүлөрдү киргизе алыша тургандыгы белгиленсин. Өзгөртүүлөрдүн саны кызматкерлердин жалпы санын, анын ичинде жетекчилердин, бөлүмдөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын (начальниктеринин) санын жана билим берүү уюмунун бекитилген эмгек акы фондун өзгөртпөстөн, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин санынын 5 пайызынан ашпоосу керек.”;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин эскертүүсүндө:
6-пункт “эсебинде” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункттун экинчи абзацы “корпусуна” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункттун үчүнчү абзацы “студентке” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсүндө:
1-пункт “студенттердин” деген сөздөн кийин “жана аспиранттардын” деген сөздөр менен толукталсын; 23-пункттун экинчи абзацы “корпусуна” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын; 23-пункттун үчүнчү абзацы “студентке” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков