КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө»; 

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:»; 

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.»; 

- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө убактылуу жободо: 

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо»; 

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «убактылуу жобо» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жобо» деген сөз менен алмаштырылсын; 

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар» жана «мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар» жана «мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 26-пунктундагы «Эгерде окутуу окутуунун жалпы багыттарынын тематикалары боюнча өткөрүлсө, анда» деген сөздөр алып салынсын; 

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

27-пунктунда: 

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«- эгерде окутуу мөөнөтү үч айдан ашса, анда мамлекеттик жарандык кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы кеминде бир жылдык иш стажынын болушу зарыл;»; 

- экинчи абзацындагы «мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы» деген сөздөр «мамлекеттик жарандык кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«29. Кызматчы донорлордун каражаттарынын эсебинен окууга жиберилгенде, жиберген маморган/ЖӨБО тарабынын окуу мезгилинде төмөнкүлөр сакталат: - иштеген орду (кызмат орду);

 - эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, окутуу мөөнөтү 3 айдан ашпаса иштеген орду боюнча орточо айлык эмгек акысы.»; 

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «контракт» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «келишим» деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 31-пунктундагы  «бир жылдан ашык» деген сөздөр «үч айдан ашык» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 32-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«- үч айдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача белгиленбесе;»;

 - 33-пункту «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдөн кийин «жарандык» деген сөз менен толукталсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу