Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:
- 5.1.25-пунктундагы “Мыйзамда аныкталган” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында аныкталган” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 7.2.1-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда белгиленет (Мыйзамдын 85, 86, 87-беренелеринде жана 91-беренесинин 6-пунктунда)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында белгиленген” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 8.1.2, 8.1.9, 8.9.3, 8.9.5, 8.9.7, 9.4.9, 10.16.7-пункттарындагы, 10.23.1-пунктунун 6-пунктчасындагы, 13.1-бөлүмүнүн 2-пунктчасындагы жана 13.7.4-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 10.3.1-пунктунун 18-пунктчасындагы “Мыйзамда (ушул Эрежелердин 8-главасында)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 10.4.3-пунктундагы “атайын администраторду шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан” деген сөздөр “аны атайын администратор деп дайындагандан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.4.4-пунктундагы “cougieg” деген сөз “courier” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.8.4-пунктундагы “банктарга жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге” деген сөздөр “депозиттерди тартпаган финансылык- кредиттик уюмдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.9.5-пунктундагы “Мыйзамда жана ушул Эрежеде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.13.1-пунктунун 1-пунктчасы “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;
- 10.16.2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10.27.5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Аукцион электрондук аянтчалар аркылуу электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн.”;
- 10.27.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, атайын администратор электрондук соода аянтчаларын пайдаланууга милдеттүү, алардын операторлору тооруктарды электрондук форматта өткөрүү үчүн жоопкерчилик тартышат.”;
- 10.27.7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, анда бардык катышуучулар электрондук соода аянтчасы аркылуу маалымат алууга укуктуу.”;
- 10.27.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Тооруктарды электрондук форматта өткөрүү жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасынын операторун көрсөтүү менен тооруктарды өткөргөнгө чейин кеминде 14 күн мурда маалымдалат.”;
- 12.1.6-пункту “бир нече анык” деген сөздөрдөн кийин “жана мыйзамдуу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 12.1.10-пункту “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13.7.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк жана башка финансылык-кредиттик уюмдар – карыз тарапка карата)” деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков