КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы № 11 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Айыл чарба каттоосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы “2016” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

    “1. Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин, бир мезгилде малды жана үй канаттууларын эсепке алуу, ошондой эле тегиз камтуу менен өсүмдүк өстүрүү тармагын эсепке алуу менен өткөрүлсүн.

    Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн республиканын алыскы зоналарында айыл чарба каттоосу 2018-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейинки мезгилде өткөрүлө тургандыгы белгиленсин.”;

- 2-пунктунун экинчи абзацында:

- “Айыл чарба жана мелиорация министрлиги” деген сөздөр “Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги” деген сөздөр,  “2016” деген цифралар “2018”  деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

    “3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун даярдоодо тартылган донордук каражаттарды эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген финансылык эсептөөлөргө ылайык, кошумча кызматкерлерди кармоого каражаттарды бөлүүнү кошкондо, айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансы каражаттарын бөлүүнү карасын.”;

- 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 32-пунктундагы “2016” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы “2015” деген цифралар  “2017” деген цифралар менен, “3” деген цифра “2” деген цифра менен алмаштырылсын;

- 43-пунктундагы “2015-2017” деген цифралар “2017-2019” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-тиркемесинин аталышындагы “2016” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-тиркемесинин аталышындагы “2016” деген цифралар “2018” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүү сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу