КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы №717 токтому

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык  кодексинин 92-94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы ага «Сокулук гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасын жана «Ош гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасын кошуу менен кайра уюштурулсун.

2 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн

кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                С.Ш.Жээнбеков          



Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана  жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин  алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын  уставы

 1. Жалпы жоболор

1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт. 

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат. 

3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын, «Сокулук гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасынын жана «Ош гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

 4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат. Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш иет. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында иш алып барган, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлкү бар жана өз ишин  толук чарбалык эсептешүүнүн негизинде жүргүзөт. 

5. Ишкананын толук аталышы: 

- мамлекеттик тилде: 

«Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы»; 

- расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызская комплексная гидрогеологическая экспедиция» при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики». 

6. Ишкананын кыскартылган аталышы: - мамлекеттик тилде: ««ККГГЭ» МИ»; 

- расмий тилде: «ГП «ККГГЭ».

 7. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга, ошондой эле өндүрүштүк иштен түшкөн каражаттардын эсебинен фонддорду түзүүгө укуктуу. Ишкананын төмөнкүдөй филиалдары бар: 

- «Сокулук гидрогеологиялык партиясы» Түндүк филиалы; 

- «Ош гидрогеологиялык партиясы» Түштүк филиалы. 

8. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси  болуп саналбайт. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептери, фирмалык аталыштары менен мөөрү, бланктары, штампы жана башка зарыл болгон атрибуттары бар. 

9. Ишкананын юридикалык дареги: 720739, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2. 

2. Ишкананын милдеттери жана функциялары

13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- шаарларды, өнөр жай ишканаларын, айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо, жерлерди сугаруу жана жайыттарга суу жеткирүү үчүн издөө-чалгындоо, гидрогеологиялык иштер;

 - келишимдин негизинде сууга скважиналарды долборлоо,  бургулоо жана эксплуатациялоо боюнча иштерди аткаруу; 

- геоэкологиялык изилдөөлөр, инженердик-геологиялык жана гидрогеологиялык сүрөткө тартуулар, жер астындагы сууларды соолуудан жана булгануудан коргоо максатында алардын абалын изилдөө, скважиналардын стационардык тармактары боюнча жер астындагы суулардын режимине региондук байкоо жүргүзүү; 

- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу көлдөрүнүн плотиналарынын сел коркунучтарын болжолдоо үчүн алардын инженердик-геологиялык абалын изилдөө; 

- экзогендик геологиялык процесстерди изилдөө; - катастрофалык көрүнүштөрдү болжолдоо жана алдын алуу үчүн жер көчкү процесстеринин режимин изилдөө; 

- суу каптоо процессин изилдөө; 

- карталардын легендаларын, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн заманбап шарттарына карата колдонулуучу гидрогеологиялык изилдөөлөргө карата методикаларды жана талаптарды иштеп чыгуу; 

- калк керектеген товарларды өндүрүү жана сатуу, суу менен камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка багыттар боюнча жеке жана юридикалык жактарга  кызматтарды көрсөтүү.

 11. Ишкана жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды  аткарат: 

- жер астындагы тузсуз, термалдык жана минералдык сууларды издөө жана чалгындоо;

 - гидрогеологиялык, геоэкологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистешкен геологиялык-гидрогеологиялык иштерди жүргүзүү ошондой эле экзогендик геологиялык процесстерди изилдөө; - заказчылардын арыздары боюнча скважиналарды бургулоо, колдонулуп жаткан суудагы скважиналарды тейлөө жана оңдоо; 

- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык иштерди жүргүзүүгө долбоорлорду түзүү жана келишимдик негиздерде жер астындагы суулардагы колдонулуп жаткан скважиналарды бургулоо; 

- потенциалдуу пайдалануучулардын муктаждыктары үчүн гидрогеологиялык маалыматтык материалдарды даярдоо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана ушул Уставдын максаттарына жооп берген иштин башка түрлөрүн аткаруу. Ишкана өзүнүн ишин белгиленген тартипте лицензиялануучу  (уруксат берилүүчү) иштин түрлөрүнө карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.  

3. Ишкананын укуктары жана милдеттенмелери 

12. Ишкана ушул Уставда каралган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө (анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операциялар); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга; - ушул Уставга ылайык ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын белгиленген тартипте түзүүгө;

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилөөгө; 

- тышкы рынокто экспорттук жана импорттук операцияларды белгиленген тартипте жүргүзүүгө; 

- улуттук жана валюталык бөлүктөн турган өздүк негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга, ошондой эле өндүрүштүк иштен түшкөн каражаттардын эсебинен фонддорду түзүүгө;

 - улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы кредиттерди пайдаланууга; 

- келишимдик иштерди аткаргандыгы үчүн алыш-бериш эсебине которуу жана накталай акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө. 

13. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укуксуз. Ишкананын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана Ишкана тарабынан колдонулуучу башка мүлктү алып коюуга жол берилбейт. 

14. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат. 15. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында Ишканага келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулуп берилет.

 16. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү: 

- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктүн сакталуусун камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө; 

- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга; 

- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздоого жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого; - бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга; - тийиштүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө. 

17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.  

4. Ишкананы башкаруу

18. Ишкананы түздөн-түз директор башкарат.

 19. Ишкананын директору тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 

20. Ишкананын Директору: - өзүнүн ишинде тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет; - Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;

- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикция сотторунда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет; 

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет; 

- Ишкананын бөлүнүштөрүнүн ишин контролдойт, алардын пландарын жана отчетторун бекитет; 

- тармактык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жана өлчөмүн аныктайт; 

- тармактык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жылдык жана күндөлүк иш пландарын бекитет; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; 

- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акысы жана аларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитет; 

- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза-чараларын колдонот; - Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт. Директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат. 

21. Ишкананын директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.

5. Ишкананын мүлкү жана финансы

22. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт. 

23. Ишкана жана анын бөлүнүштөрү чарбалык иштин натыйжасында алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат. Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүүгө колдонулат. 

24. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмүн өз алдынча аныктоого укуктуу. 

25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.

6. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу.

26. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

27. Ишкананын документтери Кыргыз Республикасынын  «Жер казынасы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

 

  

Тиркемелер

Басып чыгаруу