Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары менен байланышкан оор жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегинде (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар):
“Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо” деген 39-главасынын 2-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
«25. Убактылуу кармоочу жайлардын медициналык пункттарындагы иш.».
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул токтомго шайкеш келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев