КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 9 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жеке жактардан статистикалык маалыматтарды чогултууда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда товарларды өз ара сатуунун жана алуунун статистикасын уюштуруу жана сапаттуу жүргүзүү боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

1-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-   жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 6-пунктундагы “848” жана “615” деген цифралар “860” жана “627” деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон акча каражатын издеп тапсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана  2017-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу