КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 4 токтому

 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 31-декабрындагы № 725 “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 725 “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Премьер-министри                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу