КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 1 токтому

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүн белгилөө жөнүндө

Өлкөнүн өнүгүү процессине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын салымын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрындагы № 57/277 “Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндө резолюциясын көңүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу