КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун жогоруда аталган борборго кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору деп кайрадан аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 “Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинин 23-пункту “онкология” деген сөздөн кийин “жана гематология” деген сөздөр менен толукталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кайра уюштурулган уюмдардын тиешелүү жылдагы бюджеттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында тийиштүү түзөтүүлөрдү жүргүзүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштуруу жол-жобосун жүргүзсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 19-ноябрындагы № 671 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы № 572  “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165  “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 18-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 9 жана 10-пункттары.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу