КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция» деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде: 

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «4. Жеке идентификациялык номер 12 (он эки) символдон турууга тийиш, алар төмөнкүдөй маанилерге ээ: 

1) мүйүздүү бодо мал жана топоз үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш: KG C10 С9 C8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:

 KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;

 C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ); 

2) кой жана козу үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш: 

KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:

 KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы; 

C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ); 3) чочко үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:

 KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет: 

KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;

 C10-C1 – фермердик чарбанын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 цифра). Жылкы үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондердин электрондук коду 13 цифрадан турууга тийиш:

 1ден 3кө чейинки цифралар өлкөнүн кодун, 417 - БУУда ISO 3166 эл аралык стандарт боюнча пайдаланылуучу үч орундуу цифралык системага ылайык Кыргызстандын кодун билдирет; 

- 4төн 13ке чейинки цифралар (10 символ) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет.»; 

- 10-пунктунун алтынчы абзацы «бирканын дубликаттын» деген сөздөрдөн мурун «ушул Эреженин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча» деген сөздөр жана цифра менен толукталсын

 - 3-главасынын тогузунчу абзацы «жазуу жүзүндөгү арыз» деген сөздөрдөн мурун «ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча» деген сөздөр жана цифра менен толукталсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесинин 2-тиркемесинде: 5-пунктунун «б» пункчасындагы «15» жана «15ке чейинки (12 символ)» деген цифралар жана сөздөр «13» жана «13кө чейинки (10 символ)» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесинин 4-тиркемесинде: «(С8-С1)» жана «(8 символ)» деген цифралар, сөз жана тамгалар «(С10-С1)» жана «(10 символ)» деген цифралар, сөз жана тамгалар менен алмаштырылсын; - ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 5 жана 6-тиркемелер толукталсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу