КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 токтому

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 183 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» Жарлыгын аткарууда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 800 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жободо:

- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «к» пунктчасы менен толукталсын:

«к) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринин аскердик бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн ортосунда  ̶  Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.»;

- 76-пунктунун экинчи абзацы «Куралдуу Күчтөрдүн» деген сөздөрдөн кийин «жана башка аскердик түзүлүштөрдүн» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 1-пунктчасы «жазык-аткаруу тутумунун органдарынын» деген сөздөрдөн кийин «, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринин» деген сөздөр менен толукталсын;

- 61-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунтча менен толукталсын:

«10) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде:

- колбашчысынын орун басарлары, аскер бөлүктөрүнүн командирлери  ̶ ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;

- калган офицерлерди - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.»;

- 90-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:

«61) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде:

- «майорду» кошкондо ага чейинки кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары  ̶ Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен;

- улук офицердик курамдын «подполковник», «полковник» кезектеги аскердик наамдары жана кенже, улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн мурда берилүүчү аскердик наамдары  ̶  ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;»;

- 111-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

«8) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде – Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдары тарабынан контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 57-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «к» пунктчасы менен толукталсын:

«к) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде – Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен;»;

- 68-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «к» пунктчасы менен толукталсын:

«к) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде – Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.»;

- 118-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «к» пунктчасы менен толукталсын:

«к) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде – Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларына ушул Жобо колдонулбайт.».

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу