КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерине ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы  № 155 «Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы тарабынан берилген табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзүлгөн тизмесине ылайык мамлекеттик ипотекалык сертификаттар жүгүртүүгө чыгарсын»;

- 2-пунктунун үчүнчү абзацында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгынын» сөздөрү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик  агенттигинин Турак жай-жарандык курулушдепартаментинин» сөздөрүнө алмашсын.

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«3. Жарандык коргонуу боюнча Аймактык комиссиялар:

табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине макулдашууга берсин;

2017-жылдын 1-январынан тартыптабигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү токтотсун.».

төмөнкү мазмундагы 3-1, 3-2, 3-3 пункттар менен толукталсын:

«3-1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2017-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө бекитилген тизмелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик  агенттигинин Турак жай-жарандык курулушдепартаментине берсин.

3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик  агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти:

- жогорку көрсөтүлгөн тизмеге кирген табигый кырсыктан жабыркаган бардык үй-бүлөлөрдү мамлекеттик субсидиялар менен камсыз кылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы №155 “Кыргыз Республикасынын аймагында болгонтабигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жекеменчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашынамамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жанаберүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык берилгенжана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №182 токтому менен бекитилген 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абадоблустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетиненжабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчикүй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узакмөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык кайтарууну камсыз кылган узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалардын насыялык-күрөөлүк документтери боюнча талаптардын укуктарына макул болуу тууралуу макулдашуусун түзсүн;

- белгиленген тартипте насыялык-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна өткөрүп берүүнү камсыз кылсын, жогорку аталган макулдашууну түзгөндөн кийин насыялоочунун жана эсеп-кысабынын алмашкандыгы жөнүндө карыз алуучуларга билдирсин.

3-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду берилген насыялык-күрөөлүк документтердин негизинде бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды белгиленген тартипте кайтарууну камсыз кылсын.».

2. Жогорку көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого:

- бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмө түрүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы» жана «Тураккурулушбашкармалыгы» сөздөрү тиешелүү жөндөмө түрүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти» жана «Департамент» сөздөрү менен алмашсын;

- 2-пункттун үчүнчү абзацынын «же ипотекалык кредиттин процентин жоюуга катышуу;» сөздөрү алып салынсын;

- 2-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«транш - Кыргыз Республикасынын аймагында болгонтабигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга турак үй куруу үчүн  республикалык бюджеттин каражаттарынан бөлүнгөн ипотекалык ссуданын суммасынын белгилүү бир бөлүгү.»;

9-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Мындан мурун 200,0 миң сом өлчөмүндө ипотекалык ссуда жана 50,0 миң сом өлчөмүндөгү төлөм түрүндөгү бир жолку акысыз жардам алган, Кыргыз Республикасынын аймагында табигый кырсыктан кайталап жабыркаган адамдарга мамлекеттик субсидия берилбейт»;

10-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Ссуда аймактык архитектура жана курулуш органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп кол коюлган аткарылган жумуштардын актыларына ылайык курулуш-монтаждоо жумуштарынын аткарылыш ченеми боюнча транш менен берилет:

- биринчи транш 50,0 миң сом суммасында жер казуу иштерин баштоого жана пайдубал орнотууга;

- экинчи транш 100,0 миң сом суммасында дубалдарды тургузууга;

- үчүнчү транш 50,0 миң сом суммасында чатыр орнотууга берилет;

- турак үй курууга биринчи траншалган жабыркаган адамдар бир жылдын ичинде пайдубал орнотуу боюнча отчет бербесе, аларга кийинки транштарды алуу мүмкүнчүлүгү берилбейт. Мамлекеттик ипотекалык сертификат автоматтык түрдө акысыз бир жолку жардамга өтөт жана күрөөдөн чыгарылат.»;

- 11-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 13-пунктун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«Ипотекалык ссуда же бир жолку акысыз жардам алган адамдар табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесинен чыгарылат»;

-19-пунктундагы «ипотекалык кредиттердин» сөздөрү «ипотекалык ссуданын» сөздөрү менен алмашсын;

- 26-пунктун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу