“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
- Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков