КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 699 токтому

 “Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. “Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 

Премьер-министр                                                       С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу