КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу