КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Атайын орто музыкалык жана көркөм-өнөр мектептеринин алдындагы мектеп-интернаттарынын тарбиялануучуларын социалдык коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 5-пунктундагы “40” деген  цифралар “110” деген цифралар менен  алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл  болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.                                                                                         

   Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков  


Тиркемелер

Басып чыгаруу