КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 694 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков 

Тиркеме

«                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы

Борбордук аппарат

МСКнын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча аймактык башкармалыктары

МСКнын райондор жана райондорго бөлүнбөгөн шаарлар боюнча башкармалыктары

МСКнын Бишкек ш. эркин экономикалык аймагынын субъектилерин контролдоо боюнча башкармалыгы

Төрага

  

Тиркемелер

Басып чыгаруу