Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салык кызматын модернизациялоонун алкагында маселелерди чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында:
- “МСКнын ишинин артыкчылыктуу багыттары” 4-бөлүмүндө:
1.2-пункттун биринчи абзацындагы экинчи - төртүнчү сүйлөмдөр алып салынсын:
2.2-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү “жана кызматкерлерди аттестациялоо” деген сөздөр алып салынсын;
2.3-пункттун биринчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттери түзүлөт. Ошондой эле МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 2.2, 2.3, 4.2, 5.3, 12.5-пункттар, 7.2.2, 10.1.6-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.5.2-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын I-II кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын II кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5.3-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын II-III кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5.4-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2017-жылдын I-II кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6.1-пункттагы “Чаралар” графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6.1. МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу”;
- 6.2-пунктта:
“Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында окуу кабинеттерин же борборлорун түзүү” деген сөздөр “Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттерин түзүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.1-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын I кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.2-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
6.2.3-пунктчада “Окуу кабинеттеринин (борборлорунун) ишинин башталышы: - өлкөнүн түштүк аймагында, - өлкөнүн чыгыш аймагында” деген сөздөр “Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттеринин ишинин башталышы” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2017-жылдын I кварталы” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.1.2-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2015-жылдын II-III кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын II кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12.1-пунктта:
12.1.1-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2015-жылдын III-IV кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын I кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
12.1.2-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын I жарым жылдыгы” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын II кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
12.1.3-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2016-жылдын II кварталы, 2016-жылдын II жарым жылдыгы” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12.12.1-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2015-жылдын III-IV кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын I кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13.1.2-пунктчада “Аткаруу мөөнөтү” графасындагы “2015-жылдын III-IV кварталдары” деген цифралар жана сөздөр “2017-жылдын I кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков