Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын маселелери жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Геология-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматына;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтуна;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтуна.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын уставы 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу» мамлекеттик ишканасынын уставы 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын уставы 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 388 «Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун маселелери» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 «Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 731 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков