КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркелген тизмекке ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                       С.Ш.Жээнбеков  
             

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон айрым чечимдеринин тизмеги

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 31-декабрындагы № 594 “Кыргызстандын музыкалык фондуна чегерүүлөр жөнүндө” токтому.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы  № 319 “Кыргызстандын ишкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын иши жөнүндө” токтому.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-ноябрындагы № 560 “Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун маселелери” токтому.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 4-февралындагы № 52 “Сүткө эркин сатып алуу баалары жөнүндө” токтому.
  5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-мартындагы № 103 “Кыргыз Республикасында баалуу металлдарды экинчи жолу кайра иштетүү өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө” токтому.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-январындагы  № 29 “Кыргыз Республикасында спирт өндүрүүнү жана сатууну жөнгө салуу, спирт ичимдиктерин өндүрүүгө жана сатууга көзөмөлдүк жасоо жөнүндө” токтому.
  7.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын  4-майындагы № 284 “Суу ресурстарын бөлүштүрүүнүн, суу пайдалануучулар тарабынан чарбалык суу тармактарын пайдалануунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” токтому.
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-августундагы № 624 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-мартындагы № 103 “Кыргыз Республикасында баалуу металлдарды экинчи жолу кайра иштетүү өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө” токтому.
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы № 652 “Кыргыз Республикасында туристтик-экскурсиялык жана альпинисттик ишти лицензиялоо жөнүндө” токтому.
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын  5-апрелиндеги  № 113 Айыл чарба өндүрүшүндө жана токой чарбасында пайдаланылуучу сууну алууга, ташууга жана бөлүштүрүүгө байланышкан кызматтар үчүн акыны бекитүү жөнүндө” токтому.
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-июнундагы № 232 “Кыргыз Республикасында спиртти жана  ликер-арак ичимдиктерин өндүрүү, алып кирүү жана сатуу менен байланышкан маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 16-ноябрындагы № 488 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик салыктык каттоону киргизүү жөнүндө” токтому.
  13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 27-декабрындагы № 571 “Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарын жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга акциздик маркаларды колдонууну киргизүү жөнүндө” токтому.
  14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 5-мартындагы № 88 “Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына жана алкоголдук ичимдиктерге акциздик маркаларды киргизүү тартибин жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтому.
  15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 240 “Улуттук жер фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын  Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-9 пункттары.
  16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-июлундагы № 334 “Спиртти өндүрүү, сактоо жана сатууга жүз проценттик мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө” токтому.
  17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-августундагы № 363 “Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн спиртти сатууну иретке келтирүү жөнүндө” токтому.
  18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 18-сентябрындагы № 435 “Тамеки буюмдарын жана ферменттелген тамекини сатууну мамлекеттик  жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан кошумча чаралар жөнүндө” токтому.
  19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-октябрындагы № 475 “Улуттук камсыздандыруу рыногун коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому.
  20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы  № 5 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
  21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 182 “Акциздик товарларды өндүрүүгө, сатууга, импорттоого жана экспорттоого контролду күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
  22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 5-сентябрындагы № 513 “Монополист-ишканалардын акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоого алуу үчүн бир жолку жыйымынын өлчөмдөрү жөнүндө” токтому.
  23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-апрелиндеги № 183 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.
  24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 6-июлундагы № 427 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери” токтому.
  25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-сентябрындагы № 607 “Кыргыз Республикасында жеке ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун демилгеси жөнүндө” токтому.
  26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 16-декабрындагы № 705 “Бажы союзу жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттерге ташылып келчү товарларга карата техникалык, медициналык, фармацевтикалык, санитардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттарды, нормаларды, эрежелерди жана талаптарды колдонуунун бирдей тартиби жөнүндө Протоколду бекитүү тууралуу” токтому.
  27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иштерин мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтому.
  28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 “Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу”  токтому.
  29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 340 “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык зоналарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясы жөнүндө” токтому.
  30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы  № 344 “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөтүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифин бекитүү жөнүндө” токтому.
  31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-сентябрындагы № 571 “Экономикалык ишкердиктин эркиндигин чектөөчү жаңы нормативдик укуктук актыларды чыгарууга мораторий коюу жөнүндө” токтому.
  32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-июлундагы  № 356 “Ишкердик тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
  33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 386 “Ишкердик субъекттерине мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат этүү документтери жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому.
  34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-октябрындагы № 602 “Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө кызыкчылыктардын кагылышын четтетүү боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
  35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 “Жеке ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому.
  36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын  25-февралындагы № 101 “Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык иштин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттик негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
  37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-июнундагы № 376 “Имараттардын жана курулмалардын сейсмотуруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому.
  38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы   № 394 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 “Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык ишкердиктин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттүү негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
  39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын                                   27-сентябрындагы № 658 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 “Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык ишкердиктин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттүү негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
  40. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги  № 265 “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому.
  41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги  № 293 “Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык иштин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттик негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
  42. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 “Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
  43. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 917 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 “Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.
  44. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июнундагы № 205 “Кыргыз Республикасынын алкоголдук өнөр жайынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому.
  45. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы № 365 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча  жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги № 100 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун  3-пункту.
  46. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун  6-пункту.
  47. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы   № 740 “Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.
  48. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы № 855 “Бишкек шаарында шаар транспортунун  ишин өркүндөтүү жөнүндө” токтому.
  49. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы №876 “Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 19-пунктунун тɵртүнчү абзацы.
  50. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
  51. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 35-пункту.
  52. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-декабрындагы № 628 “Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө” токтому.
  53. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы  № 396 “Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
  54. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 445 “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси” токтому.
  55.  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 “Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин  жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207 токтому.
  56. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы № 261 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
  57. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 746 “Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому.
  58. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17- февралындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1 жана  3-пункту.
  59. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-февралындагы № 69 “Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому.
  60. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому.
  61. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун    3-пункту.
  62. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө” токтому.

________________________________________________________

Тиркемелер

Басып чыгаруу