КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабряндагы № 655 токтому

2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө

Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

 «Чакан ишканалар» номинациясы боюнча:

-   «Эмилия» жоопкерчилиги чектелген коомуна (Талас облусу);

«Орто ишканалар» номинациясы боюнча:

-   «Bear Beer» жабык акционердик коомуна (Чүй облусу);

«Ири ишканалар» номинациясы боюнча:

-       «Бишкек Сүт» ачык акционердик коомуна (Бишкек шаары).

  1. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:

«Чакан ишканалар» номинациясы боюнча:

-       Жеке ишкер Омурканов Б.И., «Эко Дан» ун салдыруу комбинаты (Ысык-Көл облусу);

-       «Алма компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому (Ысык-Көл облусу);

«Орто ишканалар» номинациясы боюнча:

-  «Ак-Бата» жоопкерчилиги чектелген коому (Чүй облусу);

«Ири ишканалар» номинациясы боюнча:

-       «Куликов Кондитер Үйү» жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек шаары).

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу