КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 токтому

Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге  минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө 

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар 20 (жыйырма) сигарет үчүн 40 сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Сигареттерге белгиленген минималдык чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков  

Тиркемелер

Басып чыгаруу