КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 666 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин функцияларынын кеңейишине жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү этаптары жөнүндө эскерүүлөрдү калыбына келтирүү маселелери боюнча иштердин көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, тарыхый эстеликтерди сактоо, жарандуулукка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- эскертүүнүн 6-пунктундагы “16 штаттык бирдик” деген цифралар жана сөздөр “31 штаттык бирдик” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин штаттык санынын көбөйүшүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын кошумча каржылоону караштырсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу