КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 672 токтому

Бишкек шаарында 2016-жылдын 7-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин электр энергетика чөйрөсүндө билим берүү жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 7-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин электр энергетика чөйрөсүндө билим берүү жаатындагы кызматташуусу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                           С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу