Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Европа регионунда жогорку билим берүүгө тиешелүү квалификацияларды таануу жөнүндө Конвенцияга кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломун илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп табуу жөнүндө норманы караштыруу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 “Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоонун тартибин жөнгө салат.
- Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil.) жогорку академиялык даражалары диссертацияны экспертизалоодон жана дипломдорду нострификациялагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
- Хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык диплому бар изденүүчүлөрдүн диссертацияларын экспертизалоо жана дипломдорун нострификациялоо Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (мындан ары - ЖАК) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Хабилитацияланган доктор (Dr.Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун нострификациялоого коюлган талаптар
4. Хабилитация доктору (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун нострификациядан өткөрүү үчүн ЖАКка изденүүчүнүн төмөндөгү документтерин камтыган аттестациялык делосу жөнөтүлөт:
- ЖАКтын төрагасынын атына изденүүчү иштеген мекеменин жетекчисинин өтүнүч каты же изденүүчүнүн жеке арызы;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча изденүүчү иштеген учурда берилет);
- нотариуста күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү:
- “адис” же “магистр” даражасы ыйгарылгандыгын күбөлөндүргөн жогорку билими тууралуу диплом;
- илимдин кандидаты же философиянын доктору (PhD) академиялык даражасы берилгени жөнүндө диплом;
- хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) диплому;
- белгиленген тартипте апостилденген же легализацияланган жогорку же жогорку окуу жайынан кийинки билими тууралуу, илимдин кандидаты же философиянын доктору (PhD) академиялык даражасы жөнүндө, хабилитацияланган доктордун (Dr.Habil) дипломдорунун көчүрмөлөрү жана алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу, мында жогоруда аталган документтерди которгон котормочулардын койгон колдору нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш (эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдердеги нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостилденүүгө же легализацияланууга тийиш).
- илимий иштеринин тизмеси;
- кагазга чыгарылган жана электрондук варианттагы диссертациясы жана анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу (1 нуска);
- илимдин кандидатынын диссертациясынын авторефераты же философиянын докторунун (PhD) диссертациясы, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен (кагазга чыгарылган жана электрондук варианты).
- 3. Хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында кароонун жана нострификациялоонун тартиби
5. Хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) диссертациясы жана анын аттестациялык делосу ЖАКтын каралып жаткан иштин тармагы боюнча эксперттик кеңешине кароо үчүн 5 күндүн ичинде берилет.
6. ЖАКтын эксперттик кеңеши каралып жаткан диссертация илимдин тиешелүү тармагы боюнча докторлук диссертациянын төмөндөгү талаптарына ылайык келет же ылайык келбейт деген корутундусун берет:
- жаратылыш, коом жана ой жүгүртүү жөнүндө чогуу алганда жаңы ири илимий жетишкендик катары квалификациялоого боло турган теориялык жоболорду, объективдүү, системалуу-уюшкан жана негизделген жоболорду иштеп чыгуу, алардын критерийлери катары фактылар же тажрыйбалар менен тастыкталуучу жана жаратылыштын же коомдун мыйзамдары түрүндө баяндалуучу табийгый илимий теориялар жана гипотезалар эсептелет;
- орчундуу социалдык-маданий же чарбалык мааниси бар ири илимий проблеманын чечилиши;
- илимдин чөйрөсүнө жана тематикага жараша өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө, илимий-техникалык прогресстин тездешине орчундуу салым кошо турган илимий жактан негизделген техникалык, социалдык-экономикалык же болбосо технологиялык жыйынтыктар көрсөтүлүшү керек;
- прикладдык мааниси бар диссертацияда сандык жана сапаттык жаңы көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү жөнүндө документтер менен тастыкталган автор тарабынан алынган жыйынтыктарды практикада пайдалануу, сунуш кылынган технологиялардын, продукциянын, материалдардын үлгүлөрүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү маалыматтар келтирилиши керек. Теориялык мааниси бар диссертацияда илимий жыйынтыктарды жана натыйжаларды пайдалануу жөнүндө сунуштар баяндалышы керек;
- илимий макалалар диссертациянын негизги натыйжаларын чагылдырууга тийиш.
7. Корутундунун негизинде ЖАКтын Эксперттик кеңеши ЖАКтын президиумуна хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломун илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору академиялык даражасына эквиваленттүүлүгүн таануу же тааныбоо жөнүндө сунушун берет.
Хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) диссертациясы ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда, ЖАКтын Президиуму Хабилитацияланган доктордун (Dr. Habil) дипломун нострификациялоо жөнүндө оң чечим кабыл алат жана ЖАК изденүүчүгө илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору дипломун берет.
Каралган диссертация ушул Жобонун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келбесе, ЖАКтын президиуму өтүнүч катты четке кагуу жөнүндө чечим чыгарат. ЖАКтын президиуму терс чечим чыгаргандан кийин ЖАКтын аттестациялык бөлүмү изденүүчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча терс чечим кабыл алууга негиз болгон себептер көрсөтүлгөн ЖАКтын эксперттик кеңешинин чечимин изденүүчүгө берет. ЖАК изденүүчүгө көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдогондон кийин ишти кайрадан нострификациялоого мүмкүнчүлүк берет.
8. Хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) дипломун нострификациялоо жол-жобосу аттестациялык дело ЖАКга берилген күндөн баштап 4 айдын ичинде жүргүзүлөт.
9. ЖАКтын Президиуму тарабынан хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломун илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору даражасына эквиваленттүү деп таануу же тааныбоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ЖАКтын аттестациялык бөлүмү изденүүчүгө жазуу түрүндөгү билдирүүнү жана президиумдун токтомунун көчүрмөсүн 10 календардык күндүн ичинде жиберет.