2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө
2016-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган, Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- 2016-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы протокол бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетине билдирсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков