КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Медициналык–социалдык экспертизалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык интеграциялоосун ишке ашыруу жана мындан ары натыйжалуу координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин”;

- Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык”;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген” деген сөздөр жана цифралар “1-тиркеме” деген цифра жана сөзгө алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                           С. Ш. Жээнбеков