КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы “контролдоо-уруксат берүү” деген сөздөр “лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускамада:

- аталышындагы жана бүткүл текстиндеги “контролдоо-уруксат берүү” деген сөздөр “лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-берененин 4-пунктунан тышкары бүткүл тексттеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “уруксат берүү” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу лицензиялык-уруксат берүү тутуму белгиленген буюмдарга жана заттарга төмөнкүлөр кирет: жарандык жана кызматтык курал жана анын ок-дарылары, жарылуучу (анын ичинде пиротехникалык) заттар жана буюмдар, атайын каражаттар жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттар”;

- 5-пунктта:

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- жарылуучу (анын ичинде пиротехникалык) заттарды жана буюмдарды сатууга”;

- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттин жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: жарандык жана кызматтык куралдарды, алардын ок-дарыларын сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, чогултууга, экспонаттоого;

- тогузунчу жана онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи - он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

“- өндүрүштүк багыттагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;

- пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна;

- пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө;

- жарылуучу заттарды сатып алуу укугуна;

- күчтүү таасир берүүчү уулуу заттарды сатып алууга жана сатууга”;

- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы “ачуу жана” деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“18. Лицензиялык - уруксат берүүчү контролду лицензиаттын лицензиялоо-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда белгиленген лицензиялык талаптарды аткарганын текшерүү максатында ИИББнын, ИИБнын, ШИИБнын, РИИБнын жетекчилери уюштурушат.

Мурда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн убактысына карабастан объект ар бир жолу: буюмдарды же заттарды сактоого уруксаттын узартылышын тариздөөдө; буюмдарды же заттарды сактоочу жай, уруксат наамына таризделген жетекчи алмашканда, буюмдардын саны, кампалардын көлөмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу уруксатты кайра тариздөөдө текшерүүдөн өтөт.”;

- 28-пункттагы үчүнчү сүйлөм алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 28жана 282-пункттар менен толукталсын:

281. Текшерүү убагында лицензиялык-уруксат берүү тутуму белгиленген буюмдарды жана заттарды жүгүртүүнүн эрежелери бузулгандыгы аныкталса, административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүлөт.

282. Лицензиянын жана (же) уруксаттын аракетин токтото туруу, кайра жаңылоо жана токтотуу Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.”;

- Нускаманын 4-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Лицензиялоо-уруксат берүү тутумунун талаптары бузулгандыгы аныкталганда ички иштер органдарынын укуктары

31. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ички иштер органдарына төмөндөгү укуктар берилет:

а) жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды, күчтүү таасир берүүчү уулуу заттарды жүгүртүү менен байланышкан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин токтотуп турууга (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы), куралды жана ок-дарыларды алып коюуга (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси);

б) куралды сактоонун жана пайдалануунун эрежелерин бузушкан жарандардын, ошондой эле бир жыл ичинде коомдук тартипке же башка башкаруу тартибине зыян келтирген администрациялык укук бузууну кайталап жасаган, спирт ичимдиктерин ашыкча ичкен, баңгизаттарды пайдаланган, психикалык оорулардан жабыркаган, куралды туура колдонууну камсыз кылууга тоскоолдук келтирген оорусу же болбосо дене боюнун кемтиги бар адамдардын дүрмөттүү куралды сактоого берилген уруксатын жокко чыгаруу, дүрмөттүү куралдарды жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу.”.

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө нускамада:

2-главанын 9-беренесинин “д” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

д) кызматтык жана жарандык сайлуу дүрмөттүү, ошондой эле травмалык таасир этүүчү патрондору бар сайсыз дүрмөттүү куралды аны контролдук атып көрүүдөн жана атылган октору менен гильзаларын  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик борборунун ок-гильзатекасына жибергенден кийин гана сатууга;”;

- 8-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуп туруу, ошондой эле лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу, куралды алып коюу”;

- 76-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 77-пунктта:

биринчи абзацтагы “лицензияны кайра алуу же уруксат берүүнү жокко чыгаруу” деген сөздөр “лицензияны жокко чыгаруу жана (же)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы “Лицензия кайра алынган жана уруксат берүү жокко чыгарылган” деген сөздөр “Лицензия жокко чыгарылган жана (же)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацтагы “Лицензиядан же болбосо уруксат берүүдөн ыктыярдуу түрдө баш тартылган” деген сөздөр “лицензиат иштин лицензиялануучу түрүн токтоткон” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

78-пункттун мамлекеттик тилдеги текстинин б) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “курал-жаракты жасоого, соодалоого, оңдоого лицензияны, ошондой эле аны сатып алууга, сактоого, алып жүрүүгө, коллекциялоого жана экспонаттоого уруксатты жокко чыгаруу”;

- 81-пункттагы “Лицензияны кайра алууда же уруксат берүүнү жокко чыгарууда 78-пункттун “б)” пунктчасына ылайык” деген сөздөр “Ушул Нускаманын 78-пунктунун “б” пунктчасына ылайык лицензия жокко чыгарылганда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу