Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгегин материалдык жактан өбөлгөлөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы “11000” деген цифралар “13000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
“
71. Башкы инженер - программист | 12500 |
“;
- 8-пунктундагы “7200” деген цифралар “12000” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды караштырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков