Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "курагын," деген сөз алып салынсын;
- 7-пунктунун:
- биринчи абзацындагы "убактылуу күбөлүктөр (аскер билетинин ордуна) жана эсепке алуу-кызмат өтөө карточкалары" деген сөздөр "альтернативдик кызматтын кызматкеринин күбөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы биринчи сүйлөм алып салынсын;
- 8-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- альтернативдик кызматтын кызматкеринин күбөлүгүн тапшырууга;";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Альтернативдик кызматтын кызматкери кызматын өтөө мезгилинде акча каражаттарын мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда, аскер комиссары кызматкерге, ал жок учурда жакын туугандарына карызын төлөө зарылдыгы жөнүндө кат түрүндө кабарлайт.";
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жазык ишин козгоодо баш тартылган, бирок кызматтын мөөнөтү аяктагандан тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде белгиленген төлөмдү төлөө боюнча мурдагы карызын төлөбөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери аскер комиссарынын буйругу менен альтернативдик кызматтын кызматкеринин каттоосунан чыгарылат жана ысымы жазылган тизме боюнча чакырылуучулардын каттоосуна берилет.";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча чакырылган, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн же 1-категориядагы запаска кирүү үчүн төлөмдүн белгиленген өлчөмүн мөөнөтүнөн эрте төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган мөөнөттө жана программалар боюнча аскердик даярдоо боюнча атайын (окуу) жыйындарынан өткөндөн кийин запаска бошотулат.";
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун:
- а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) аскердик каттоого турууга милдеттүү жана запаста турбаган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки (мындан ары - чакырганга чейинкилер) жана он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки (мындан ары - чакырылуучулар) эркек жарандар;";
- б) пунктчасынын:
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр;";
- он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын:
"г) аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар.";
- 5-пункттун з) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"з) төмөнкүлөрдү медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү уюштуруу:
- тынчтык мезгилде ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка мурда жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу деп таанылган аскерге милдеттүүлөрдү;
- ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү билдирген аскерге милдеттүүлөрдү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар;
- мурда алгачкы аскердик жыйындардан өткөн жана ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалаган жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдү;
- аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандарды;";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтү узартылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар төмөнкүдөй категориялар менен эсепке алынат:
- издөөдө жүргөндөр;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалагандар;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар, запаска киргизүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү төгүмдү төлөбөгөндөр.";
- 26-пункттун а) пунктчасындагы "аскердик кызматынын узактыгы" деген сөздөр "кызматты өтөөнүн түрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Кызматты өтөөнүн түрү (каттоонун категориясы) боюнча жоокердик жана сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр биринчи жана экинчи болуп эки категорияга бөлүнөт.
Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөн, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн жана альтернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызмат өтөбөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан өткөн, үй-бүлөлүк эмес жагдайлар боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.";
- 29-пунктутн а) пунктчасынын экинчи абзацы "жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы е) жана ж) пунктчалары менен толукталсын:
"е) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, белгиленген тартипте берилүүчү чакырууну кийинки мөөнөткө калтырбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар үчүн - укук коргоо органдарынын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсү, медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколдор китебинен көчүрмө, жарандардын мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандыгы жөнүндө арызы, 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;
ж) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өткөндөр үчүн - аскердик билеттер жана аскердик бөлүктөрдүн жазма буйруктары.";
- 67-пункттун биринчи абзацындагы "алардын өзүнүн турган баасынын өлчөмүн алуу менен" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жободо:
- 5-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункттун 4-пунктчасында "жогорку окуу жайларынын" деген сөздөр "медициналык профилдеги жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Алгачкы аскердик каттоого райондун (шаардын) аймагында такай же убактылуу жашоочу, соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан адамдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан тышкары жарандар турууга тийиш. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу жыл сайын төмөндөгүдөй мезгилде жүргүзүлөт:
- ушул жылдын декабрь айында - келе турган жылы 16 жашка толо турган өспүрүмдөр;
- келе турган жылдын январь-февраль айларында - алгачкы аскердик каттоого турган жылы 16 жашка толгон өспүрүмдөр;";
- 26-пункттагы "декабрга" деген сөздөр "ноябрга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пункттагы "декабрдан" деген сөз "ноябрдан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 48-пункттун:
- г) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) чакырылуучулардын аскердик каттоосунда мурда турбаган чакырылуучу куракка чейинки жана чакырылуучу курактагы жарандар жеке өздөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына аскердик каттоого туруу жөнүндө арыз беришет. Райондук (шаардык) аскер комиссары же анын орун басары жарандын өз убагында аскердик каттоого тургузулбагандыгынын себеби боюнча изилдөө жүргүзүшөт жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аны аскердик каттоонун эрежесин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартышат. Алар алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча медициналык комиссиядан же чакыруу комиссиясынан өтүшөт. Алгачкы аскердик каттоого туруу мезгилинде же чакыруунун ортосундагы мезгилде аскер комиссариатына келген жарандар жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарында медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Жаранга чакырылуучунун өздүк делосу ачылат, анын маалыматтары өтүп жаткан жылы алгачкы каттоого алынгандардын кошумча тизмесине, кошумча протокол ачуу менен бирге өтүп жаткан жылы аскердик каттоого алгачкы коюунун протоколдор китебине жана каттоо-алфавиттик китебине жазылат. Чакырылуучуга аскердик каттоого туруу жөнүндө күбөлүк берилет;";
- 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы з), и), к) пунктчалары менен толукталсын:
"з) кезектеги чакыруу мезгилинде райондун (шаардын) аймагында убактылуу жашаган катары аныкталган жана аскердик каттоодо турбаган, бирок башка аскер комиссариатында аскердик каттоодо турган жарандар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Аларга өздүк делолордун дубликаттары ачылат жана алар убактылуу жашаган жери боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жиберилет. Аларды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда чакырылуучунун маалыматтары каттоо-алфавиттик китебине жазылат, протоколдор китебинен жана аскер бөлүктөрүнө жиберилгендердин аты-жөнү жазылган тизмелерден көчүрмөлөр туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жиберилет. Аталган көчүрмөлөрдү алгандан кийин каттоо-алфавиттик китебине тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк делолор чакыруу комиссиясынан өтө турган жер боюнча аскер комиссариатына жиберилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган, бирок нарядды аткарууга байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жиберилбеген жарандардын өздүк делолорунун дубликаттары белгиленген тартипте жок кылынат, ал эми туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына чакырылуучунун өздүк делосуна жалпылоо үчүн протоколдор китебинен көчүрмөлөр жиберилет;
и) аскердик ант бергенге чейин аскер бөлүгүнөн кайтып келген жарандар кайрадан чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жыйын пункттарынын жолдомолору боюнча аскер комиссариаттарына келишет. Аскер бөлүгүнүн оорусу бар экендигин ырастаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык дарылоо уюмдары же гарнизондук госпиталдар тарабынан берилген медициналык документтеринин негизинде чакыруу комиссиясы тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жана кезектеги чакыруу бүткөнгө чейин тийиштүү чечимди кабыл алуу үчүн аларды дарылоо-алдын алуу мекемелерине жиберет.
Аскер комиссарынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйругуна аскердик бөлүктөн кайтып келген жарандын чакырылуусун жокко чыгаруу жөнүндө өзгөртүү киргизилет. Аскер комиссарынын буйругунун көчүрмөсү Республикалык чакыруу комиссиясына жана чакырылуучу кайтып келген аскер бөлүгүнө аны аскер бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу үчүн сунушталат.
Аскер бөлүктөрүнө жиберилгендердин аты-жөнү жазылган тизмелерде аскер бөлүгүнөн кайтып кеткендиги жөнүндө Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлгөн белгилер коюлат.
Тийиштүү протоколдор китебинде белгиленген тартипте мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белгилер коюлат.
Каттоо-алфавиттик китебинде мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат.
к) мурда альтернативдик кызматка чакырылган, бирок кызматтын мөөнөтү аяктаган убакытта төгүмдүн белгиленген өлчөмүн төлөө боюнча карызы бар экендигине байланыштуу аларды чакыруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган жарандар аты-жөнү жазылган тизме боюнча аскердик каттоого алынат.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолоруна аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу чакырууну жокко чыгаруу жөнүндө белги коюлат.
Тийиштүү протоколдор китебинде белгиленген тартипте альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белги коюлат.
Каттоо-алфавиттик китебинде альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат.";
- 50-пункттун:
- а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
а) аскердик кызматка чакырылган жана аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге жиберилген жарандар чакыруу комиссиясынын протоколунун жана команда түзүлгөн жер боюнча аскер комиссары же жыйноо пунктунун башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн аты аталган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебине аскердик кызматка чакырылгандыгы жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат, өздүк дело архивге өткөрүлүп берилет;";
- н) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугу жок болсо, анда чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат жана андан ары чечим кабыл алуу үчүн аты аталган тизме боюнча аскердик каттоо бөлүмүнө берилет. Жарандардын каттоо-алфавиттик китептери алар жыйырма беш жашка чыкканда, ага киргизилген чакырылуучулардын саны жана чакыруу комиссияларынын кандайдыр бир чечими кабыл алынбаган жарандардын саны жөнүндө аскер комиссарынын колу жана аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жыйынтыктоочу белгилер коюлгандан кийин аскердик каттоо бөлүмүнө берилет.";
- 57-пункттун жетинчи абзацындагы "мартка", "сентябрга", "декабрга" деген сөздөр тиешесине жараша "февралга", "августка", "ноябрга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 65-пункттагы "марттагы" жана "мартта" деген сөздөр "июндагы" жана "июнга" деген сөздөр менен, "сентябрдагы" жана "сентябрга" деген сөздөр "декабрдагы" жана "декабрга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 67-пункттагы "апрелде-июнда жана октябрь-декабрда" деген сөздөр "мартта-майда жана сентябрда-ноябрда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 69-пункттун:
- биринчи абзацындагы "апрель-июнда жана октябрь-декабрда" деген сөздөр "мартта-майда жана сентябрда-ноябрда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 71-пункттун 3-пунктчасында:
- а) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарынан чакырылуучу диспансердик каттоодо турбагандыгы (мурда да турбагандыгы) жөнүндө дарылоо мекемесинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн, чакырылуучулардын наамына жазылган маалымкаттарды;";
- б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"б) укук коргоо органдарынан:
- кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды;
- райондун (шаардын) ИИБ чакырылуучуларга профилактикалык каттоодо турбагандыгы (мурда да турбагандыгы) жөнүндө жетекчи тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкаттарды.";
- 95-пункттун бешинчи абзацы "абалы боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", чакырылуучуну жеке кароо боюнча, ошондой эле тийиштүү документтеринин бар экендиги боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 97-пункттун бешинчи абзацындагы "сентябрь" деген сөз "август" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 98-пункттун экинчи абзацындагы "1-октябрга" деген сөз "10-сентябрга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 125-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн жаңы чакырылган аскер кызматчыларынын арасынан аскердик ант бергенге чейин аскер кызматына жарамдуулугун чектеген мурда билинбеген кандайдыр бир өнөкөт оорулар аныкталса, аларга аскер бөлүгүнүн командири Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын атына аскер бөлүгүнүн билдирмесин жана тийиштүү медициналык документтерди берет.
Аскер кызматчы аскер комиссариатына жиберүү жана тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн жыйын пунктуна кайтып келет, бул жөнүндө аты-жөнү жазылган тизмеге тийиштүү белгилер коюлат. Жыйын пунктунан аскер бөлүгүнө анын ордуна белгиленген тартипте башка чакырылуучу жиберилет.".
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |