КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында: 

- комиссиянын курамынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы чыгарылсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын      Премьер-министри  

 

                  С.Ш.Жээнбеков
         Кыргыз Республикасынын       Улуттук банкынын төрагасы  

 

Т.С.Абдыгулов

Тиркемелер

Басып чыгаруу