КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 657-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө   

Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарынын түзүмүн, штаттык санын жана функцияларын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 20-пунктундагы “201” жана “2029” деген цифралар тиешелүү түрдө “195” жана “2035” деген цифралар менен алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын  оптималдаштырсын;

 -    ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун критерийлерине талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;

 -    аймактык салык органдарынын кызматкерлерин ири салык төлөөчүлөргө салыктык контролду натыйжалуу жүргүзүү маселеси боюнча системалуу түрдө окутсун;

 -    өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу