Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлери төмөнкү мазмундагы 23-глава менен толукталсын:
«23-глава
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери
79. Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө тобокелдик даражасын баалоо критерийлери карантиндик зыяндуу обьекттердин өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана курчап турган чөйрөгө терс таасиринин ыктымалдыгын чагылдырат.
80. Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ишкердик иш-аракеттин түрлөрү төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) Фитосанитардык тобокелдиктин жогорку даражасына кирген иштин түрлөрү:
- дан, мөмө-жемиш, субтропикалык, декоративдик, токой жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндүк жана көчөт материалдарын алып келүү;
- дан, мөмө-жемиш, субтропикалык, декоративдик, токой жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүү, сактоо, сатуу.
2) Фитосанитардык тобокелдиктин орто даражасына кирген иштин түрлөрү:
- карантиндик продукцияларды (карантиндик жүктөрдү, карантиндик материалдарды, карантиндик товарларды) өндүрүү, даярдоо, сактоо, пайдалануу, кайра иштетүү жана сатуу;
- карантиндик продукцияларды ташып келүү жана ташып чыгуу;
- карантиндик продукцияларды жана обьекттерди зыянсыздандыруу;
- илимий максаттарда селекция жана үрөнчүлүк жүргүзүү.
3) Фитосанитардык тобокелдиктин олуттуу эмес даражасына кирген иштин түрлөрү:
- илимий максаттарда карантиндик зыяндуу организмдерди пайдалануу менен байланышкан иштер;
- дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүнөн жана түрдүү климаттык зоналардан алып келинген өсүп турган өсүмдүктөрдүн коллекцияларын культивациялоо, изилдөө жана көрсөтүү.
Иштин башка түрлөрүн тобокелдик даражасы боюнча киргизүү тобокелдик даражасын баалоо критерийлерине ылайык эсептелген топтолгон баллдын суммасына жараша ишке ашырылат.
81. Ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
№ | Тобокелдик даражасы | Балл |
| ||
1 | Карантиндик зыяндуу объекттердин болушу | 71 |
2 | Үрөндүк жана көчөт материалдарынын фитосанитардык талаптарга шайкеш келбеши | 35 |
| ||
3 | Карантиндик зыяндуу объекттердин кампа, технологиялык жайларда жана карантиндик продукцияларды өндүрүү объектисинин аймактарында болушу | 71 |
4 | Өндүрүш, токой участкаларында жана чарба жерлеринде карантиндик зыяндуу объекттердин таралуу очокторунун болушу | 71 |
5 | Карантиндик зыяндуу объекттер аныкталган учурда чараларды көрбөө | 35 |
6 | Себилген жерлерди, аймактарды, карантиндик продукция сакталган кампаларды системалуу текшерүүнү ырастоочу документтин жоктугу | 20 |
7 | Болгон карантиндик продукцияны кароо жана/же текшерүү үчүн бербөө (зарыл болгондо лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн сынамык алуу менен) | 20 |
8 | Чийки затты, компоненттерди жана даяр продукциянын сактоо шарттарын сактабоо | 10 |
9 | Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген транспорт каражаттарын пайдалануу | 35 |
10 | Идиштердин жана таңгактоочу материалдардын, өнөр жай товарларынын жана өсүмдүк материалдарынан жасалган буюмдардын фитосанитардык талаптарга туура келбеши | 35 |
11 | Карантиндик зонадан карантиндик продукцияларды ташып чыгууда уруксат берүүчү документтердин жоктугу (фитосанитардык жана карантиндик сертификат) | 35 |
12 | Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик продукцияны ташып кирүүдө уруксат берүүчү документтердин жоктугу (фитосанитардык сертификат, фитосанитардык реэкспорттук сертификат, импорттук карантиндик уруксат) | 35 |
13 | Техникалык документтердин талаптарына зыянсыздандыруу каражаттарын пайдалануу шарттарынын шайкеш келбеши | 20 |
14 | Уулар менен иштөөгө уруксаттын жоктугу | 15 |
15 | Алдын алуучу зыянсыздандырууну жүргүзбөө | 15 |
16 | Зыянсыздандырууну жүргүзүү тартибин бузуу | 10 |
17 | Уу-химикаттарды сактоо тартибин бузуу | 10 |
18 | Карантиндик зыяндуу объекттердин болушу | 71 |
19 | Фитосанитардык талаптарды бузуу | 35 |
| ||
20 | Илимий максаттарда зыянкечтердин жана отоо чөптөрдүн коллекцияларын сактоо тартибин бузуу | 10 |
21 | Фитосанитардык талаптарды бузуу | 10 |
22 | Карантиндик зыяндуу объекттердин болушу | 71 |
23 | Фитосанитардык талаптарды бузуу | 10 |
82. Тобокелдик критерийлери боюнча балл жалпы суммалык жыйынтыкты аныктоо үчүн суммаланат, анын натыйжалары тобокелдиктин тиешелүү даражалары боюнча текшерилүүчү субъекттерди бөлүштүрүү үчүн төмөнкүдөй тартипте пайдаланылат:
1) жогорку тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 71 жана андан көп балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет;
2) орто тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 41 -70 балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет;
3) олуттуу эмес тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 - 40 балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет.
83. Адегенде жогорку тобокелдик тобуна объективдүү критерийлер боюнча киргизилген контролдоо субъекттерин төмөн турган тобокелдик тобуна которууга болбойт.
84. Бир тобокелдик даражасынын ичинде субъекттерди текшерүүлөрдү пландоодо кезектүүлүктү аныктоого таасир этүүчү факторлор:
1) субъекттин өндүрүштүк багыты;
2) фитосанитардык мониторингдин натыйжалары;
3) мурунку текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган эреже бузууларды четтетүүнүн натыйжалары (жазма буйруктарды аткаруу).».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков