КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 токтому

Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө

Фискалдык саясатты өркүндөтүү, салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Берилүүчү салык жеңилдиктери алардын натыйжалуулугуна карата бааланары белгиленсин.

2. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен бирге колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине натыйжасыз салык жеңилдиктерин жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизишсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков

  Тиркеме