ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН 24 ноябрындагы № 4 БУЙРУГУ

Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө

  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөө жол-жобосунун ачыктыгын жогорулатуу максатында буйрук кылам:

 1. Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталгандан күндөн тартып үч күндүн ичинде жарыяласын: 

- «Эркин Тоо» гезитине; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына. 

3. Укуктук колдоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмү:

 - расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн; 

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

 4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.     

Директор                                                                             Т. И. Нурбашев

 тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу