КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен жоюлсун:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө функцияларын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тийиштүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 15 штаттык бирдигин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппаратына тийиштүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 8 штаттык бирдигин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

 - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүн бириктирсин жана облустардагы жана райондордогу бирдиктүү аймактык бөлүнүшүн түзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- ченөөлөрдүн туура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо.”;

7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү - отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Төмөнкүлөргө мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзөт:

- ченөө каражаттарынын, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн чыгарылышына, алардын абалына жана колдонулушуна, төмөнкүлөргө жайылтылуучу мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ченөө бирдейлигин камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышына:

саламаттык сактоого, ветеринарияга;

айлана-чөйрөнү коргоого, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга;

эмгектин коопсуз шарттарын жана аны коргоону камсыз кылууга;

өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосунда соода операцияларынын жана өз ара эсептешүүлөрдүн ишке ашырылышына, анын ичинде:

товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын чыныгы маанисин жана бул товарлардын сатылган санына туура келишин аныктоо максатында соода операцияларын жүргүзүүдө алынуучу товарлардын санына;

таңгакта камтылгандар аны ачмайынча же бузулмайынча өзгөртүлүшү мүмкүн болбогон, ал эми таңгакта камтылган товардын массасы, өлчөмү, узуну, аянты же санын көрсөткөн башка чоңдуктары таңгакта белгиленген учурларда ар кандай таңгакта оролгон товарлардын ачуудагы, сатуудагы жана импорттоодогу санына;

почта байланышы кызматтарын көрсөтүүгө жана электр байланышынын көрсөтүлгөн кызматтарынын көлөмүн эсепке алууга (байланыштыруу узактыгы жана трафиктин көлөмү);

милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде;

метрологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну пландаштырат;

мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле методикалык документтерди иштеп чыгууга катышат;

ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын аткарылышы боюнча мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү министрликтердин, ведомстволордун, юридикалык жана жеке жактардын метрологиялык кызматтарынын ишин контролдойт;

ченөө бирдейлигин камсыздоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюуга карата сунуштарды иштеп чыгуу иштерин мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдүн жыйынтыктары боюнча министрликтердин, ведомстволордун, юридикалык жана жеке жактардын ишине талдоо жүргүзөт;

ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузган кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга мыйзамдарга ылайык таасир этүү чараларын колдонот;

менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жана башка чарба субъекттеринин комиссияларынын ишине катышат, ал эми зарыл болгон учурларда жана жасалма ченөө каражаттарын же белгиленген тартипте тибин бекитүү же текшерүү жол-жоболорунан өтпөгөн ченөө каражаттары пайдаланылган учурда комиссияларды жетектейт;

чарба субъекттери ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жазма буйруктарды аткарбаган учурда зарыл болгон материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик же укук коргоо органдарына жөнөтөт;

милдеттүү түрдө текшерилүүгө тийиш болгон жумушчу ченөө каражаттарынын номенклатуралык тизмегине мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык, бирок бул тизмекке киргизилбеген ченөө каражаттарын киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;

укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана керектөөчүлөрдү коргоо коомдорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен   дүң жана чекене соода жүргүзүлүүчү жайларда биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзөт;

- ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулгандыгын аныктаган учурда:

текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө белгиленген тартипте жазма буйрук берет жана аларды жоюу үчүн мөөнөттөрдү белгилейт;

текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин бузулгандыгы жөнүндө материалдарды сот жана тергөө органдарына жөнөтөт;

- ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринин туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт;

- текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюу жана ведомстволук объекттерди метрологиялык камсыздоону жакшыртуу жөнүндө министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизет.”;

8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:

“- объекттердин баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ченөө каражаттары пайдаланылган, чыгарылган, оңдолгон, сатылган, турган же сакталган объекттерге кирүүгө;

- колдонууга жол берилген чоңдуктардын пайдаланылуучу бирдиктеринин шайкештигин, ченөө каражаттарынын абалын жана аларды колдонуу шарттарын, ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын, ошондой эле соода операцияларын жүргүзүүдө алынган товарлардын санын текшерүүгө;

- мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн продукциялар менен товарлардын үлгүлөрүн, ошондой эле бардык түрдөгү таңгактардагы  оролгон товарларды алууга;

- мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынган обьектинин техникалык каражаттарын колдонууга жана адистерин ишке тартууга;

- бекитилбеген типтеги же бекитилген типке шайкеш келбеген, ошондой эле текшерилбеген жана бузук ченөө каражаттарын колдонууга жана чыгарууга тыюу салууга;

- мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирүүчү ченөө каражаттарын бир жолку толук текшерүү дайындоого, зарыл болгон учурда текшерүүнүн ортосунда кыскартылган текшерүүнү белгилөөгө;

- мыйзамдардын милдеттүү талаптарына шайкеш келбеген ченөө каражаттарын колдонуудан белгиленген тартипте алууга.”.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктундагы “367”, “174”, “136” жана “54” деген цифралар тийиштүү түрдө “352” “186”, “113” жана “50” деген цифралар менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 33-пунктундагы “593” жана “139” деген цифралар тийиштүү түрдө “608” жана “154” деген цифралар менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдашсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

- штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирүүчү датага карата тийиштүү кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик органдын кызматкерлери которулууга тийиш экендигин эске алышсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 79 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

  

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу