Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120 жана 257-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчёттун формалары, анын 1 жана 3-тиркемелери (FORM STI-123, FORM STI-123-001, FORM STI-123-003) ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчёттун формасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы “Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри” (FORM STI-123-002-1) деген 21-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
2-пункттун биринчи абзацы “кошумча нарк салыгы”деген сөздөрдөн кийин “(мындан ары - КНС)” деген сөздөр менен толукталсын;
26 жана 27-пункттардагы “154” деген цифралар “199” деген цифралар менен алмаштырылсын;
31-пункт “кыйыр салыктардын суммасы”деген сөздөрдөн кийин “контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;
41-пункт “153-сапта”деген сөздөрдөн кийин “контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске албастан” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:
“411. 198-сапта контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен товарлардын наркынын көбөйүшүнөн жана КНС суммасын эсептөөдөн келип чыккан айырмачылыктардын жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.
Бул сапка “Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри” (FORM STI-123-002-1) деген 21-тиркеменин10 жана 11-графалардын суммалык жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.”;
42-пунктта:
- биринчи абзацтагы “154” жана “150, 151, 152 жана 153” деген цифралар жана сөз тиешелүү түрдө “199” жана “150-198” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы “154” деген цифралар “199” деген цифралар менен алмаштырылсын, “6-графасында (FORM STI-123-002)” деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин “жана Отчёттун 21-тиркемесинин (FORM STI- 123-002-1) 11-графасында” деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацтагы “154” деген цифралар “199” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“КНС суммасы” деген 199-саптын көрсөткүчү Отчёттун (FORM STI-123) 052 уячасына көчүрүлөт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 41-бап менен толукталсын:
“41. Кыйыр салыктар боюнча отчёттун “Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри” 21-тиркемесин (FORM STI-123-002-1) толтуруу
521. Бул форма товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардан (FORM STI-136) контролдук баалардын минималдык деңгээли (мындан ары - КБМД) колдонула турган товардык позициялар боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган.
522. “Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри” 21-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчёттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
523. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
524. 2-графада КБМД колдонулуучу товардын он орундуу ТЭИ ТНдин он орундуу коду көрсөтүлөт.
525. 3-графада КБМД колдонулуучу товардын аталышы көрсөтүлөт.
526. 4-графада КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) сабынын номери көрсөтүлөт.
527. 5 жана 6-графаларда КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) номери жана датасы көрсөтүлөт.
528. 7-графада келишимде (контрактта) жана/же товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн товардын бирдиги үчүн иш жүзүндөгү баа көрсөтүлөт. Мында, товарды өлчөө бирдигин ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
Мисалы: Унду ташып келүүдө келишимде жана товар коштоочу документтерде 50 кг салмактагы бир кап үчүн 150 сом көрсөтүлсө, ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги килограмм болуп саналат, демек 7-графасында 3 сом (150 / 50 = 3 сом) деп көрсөтүү зарыл.
529. 8-графада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу салык органынын веб-сайттарында жарыяланган КБМДнын белгиленген өлчөмү көрсөтүлөт.
5210. 9-графада 7-графада көрсөтүлгөн товарлардын өлчөө бирдигинде, КБМД колдонула турган товарлардын саны көрсөтүлөт.
5211. 10-графада КБМД колдонулгандан кийин товардын наркынын айырмасы көрсөтүлөт. Айырманы эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: (8-графанын көрсөткүчү – 7-графанын көрсөткүчү) х 9-графанын көрсөткүчү = 10-графанын көрсөткүчү.
Мисалы: келишимде жана товар коштоочу документтерде товардын бирдиги үчүн баа - 3 сом, КБМД - 15 сом, товардын саны - 1000 кг (15 - 3) х 1000 = 12000. Бул учурда 10-графага 12000 көрсөтүлөт.
5212. 11-графага КБМДны колдонууну эске алуу менен кошумча эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт. КНС 10-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркындагы айырмага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептелет.
5213. 9, 10 жана 11-графалар боюнча “Ушул бет боюнча жалпы” сабынын мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча бөлүнүп чыгарылышы керек. Реестрдин акыркы барагында “Реестр боюнча бардыгы” сабы ушул жана акыркы беттери боюнча жыйынтыктардын суммасын чыгаруу аркылуу көрсөтүлөт.
5214. 10 жана 11-графалардын жыйынтык мааниси “Импортко КНС” (FORM STI-123-001) Кыйыр салыктар боюнча отчёттун 1-тиркемесинин 198-сабына көчүрүлөт.”;
55-пункттагы “жана” деген сөз “жана/же” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 614 жана 615-пункттар менен толукталсын:
«614. 360-сапта эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн борттук камдыктар катары май куюучу уюмдар импорттогон реактивдүү отундун наркы көрсөтүлөт.
615. 361-сапта социалдык маанидеги объекттер жөнүндө келишим боюнча импорттогон товарлардын наркы көрсөтүлөт.”;
62-пункттагы “359” деген цифралар “361” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков