Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө
Укук коргоо органдарын реформалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июнундагы № 161 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жоюлсун, мында төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана ченемдик укуктук жөнгө салуу боюнча функциялар, тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 8 бирдик санындагы штаты- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
- тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 255 бирдик санындагы штаты - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен68 бирдик санындагы штаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоюу боюнча иш-чаралар аягына чыкканга чейин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууну уланта тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кызматка кабыл алынган кызматкерлерин турак жай менен жана социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла тургандыгы.
4. Жоюу комиссиясы 2 айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын өндүрүшүндө турган кылмыш иштерин жана материалдарды, ошондой эле “Жашыруун” жана “Өтө жашыруун” грифтери бар документтерди тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү маселесин чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
9-пункттагы “247” жана “75” деген цифралар тийиштүү түрдө “255” жана “83” деген цифралар менен алмаштырылсын;
27-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
6-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат” деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы):
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери” жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 25-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 276 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө” токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков