КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

   - 1-пунктунун экинчи абзацындагы “уруксат берүүчү документинин” деген сөздөр “лицензиясынын” деген сөз менен алмаштырылсын.

     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 “Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

      жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

     - 2-пунктундагы “лотереяларды өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

        жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

       - 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

       - 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен  алмаштырылсын;

       - 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

       - жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

       3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу