Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95,101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда аталган токтомдун Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамасына:
- 43-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгондорду кошпогондо, чарбакер субъекттер тарабынан жеке өндүрүштүк максаттары үчүн түздөн-түз импорттогон негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо бажы органына жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан товарлар бухгалтердик эсепке кабыл алынаары жана баланстык эсепке кирээри жөнүндө бекитилген жана кол коюлган, уюмдун фирмалык бланкына басылган милдеттенмени (1-тиркеме) сунуштайт. Чарбакер субъект юридикалык жак катары каттоосу жок болсо бажы органына товар түздөн түз жеке өндүрүштүк максаттарга гана колдонула тургандыгы жөнүндө эркин түрдө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет.
Ошону менен, чарбакер субъектти КНС (2-тиркеме) боюнча катталганын тастыктоо үчүн бажы органы салык органдарынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында алууга милдеттүү. Мындай тастыктоону алууну караган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизилгенге чейин, бажы органына, берилген күндөн тарта 30 календардык күнгө чейин колдонула турган салык төлөөчүнүн катталган жери боюнча салык органы тарабынан берилүүчү КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкат берилет (2-тиркеме).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгондорду кошпогондо, чарбакер субъекттер тарабынан жеке өндүрүштүк максаттар үчүн импорттолгон негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативдери, анын ичинде өндүрүштүк максаттар үчүн кооперативдеринин мүчөлөрүнүн, машина-трактордук станциялардын, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору бажы органына уюмдун фирмалык бланкына басылган, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан товарлар бухгалтердик эсепке кабыл алынаары жана баланстык эсепке кирээри жөнүндө бекитилген жана кол коюлган милдеттенмени (1-тиркеме) сунуштайт. Чарбакер субъект юридикалык жак катары каттоосу жок болсо бажы органына товар түздөн түз чарбакер субъекттер тарабынан жеке өндүрүштүк максаттарга гана колдонула тургандыгы жөнүндө эркин түрдө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет.
Ошону менен, чарбакер субъекттин салыктык каттоосун (3-тиркеме) тастыктоо үчүн бажы органы салык органдарынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында алууга милдеттүү. Мындай тастыктоону алууну караган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизилгенге чейин, бажы органына чарбакер субъекттин катталган жери боюнча салык органы тарабынан берилүүчү КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкат берилет (3-тиркеме).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттогондорду кошпогондо, импорттолгон негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча бажы органына негизги каражаттарды импорттогон жак катышуучу болуп саналган финансылык ижара (лизинг) келишиминин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн сунуштайт.
Ошону менен, чарбакер субъекттин салыктык каттоосун (3-тиркеме) тастыктоо үчүн бажы органы салык органдарынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан алууга милдеттүү. Мындай тастыктоону алууну караган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизилгенге чейин, бажы органына чарбакер субъекттин катталган жери боюнча салык органы тарабынан берилүүчү КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкат берилет (3-тиркеме).»;
2) Нускаманын 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кире турган, жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-пунктунун 1-подпунктунун бешинчи абзацына киргизилген өзгөртүүлөрдөн башкасы, 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев