Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2563-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI - 001) 1-тиркемеге ылайык;
- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI - 002) 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков